USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Талас районундагы стратегиялык маанилүү жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

12:05, 29 сентября 2025, Бишкек - 24.kg

Талас районундагы стратегиялык маанилүү жер тилкеси мамлекетке кайтарылганын Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Казакстан менен чектеш тилкеде Манас районунун прокуратурасы тарабынан текшерүу жүргүзүлүп, «Чоң-Капка» көзөмөл-өткөрмө бекетине жакын аймактан стратегиялык мааниге ээ болгон Тараз — Талас — Суусамыр автожолунун боюндагы 1643 чарчы метр жер тилкеси мыйзам талаптарын бузуу менен жеке менчикке өткөрүлүп кеткендиги аныкталган.

Жер тилкеси
Көрүлгөн прокурордук чаралардын жыйынтыгында базар баасы 5,6 млн сомду түзгөн жер тилкеси толугу менен мамлекетке кайтарылды.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18