USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Алдамчылар Кыргызстандын президентинин сүрөтүн насыя боюнча жарнакта колдонууда

14:39, 26 сентября 2025, Бишкек - 24.kg

Социалдык тармактарда кээ бир шылуундар аз үстөк менен насыяларды сунуштаган жарнама таралууда. Бул дагы бир алдамчылык экенин президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Анын айтымында, социалдык тармактарда айрым алдамчылардын жаңы схемасы таралууда.

Жарнама
"Алар президент Садыр Жапаровдун сүрөтүн колдонуп, азыноолак кошумча менен карыз берүүнү сунуштап, бул ишти мамлекеттик долбоор катары көрсөтүп жаткан учурлар катталды.

Андыктан айрыкча акча каражаттарына байланышкан маалыматтарды расмий органдардан тактап алууга чакырабыз.

"Бул кезектеги көз боемочулардын схемасы.Алдамчылардын торуна илинип калбаңыздар!",-деген ал.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18