USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Ош шаарында жаңы спорт комплексинин курулушу башталды

15:30, 25 сентября 2025, Бишкек - 24.kg

Оштун Жапалак айылында жаңы спорт комплексинин курулушу башталганын Курулуш министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, долбоор Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан ишке ашырылып, республикалык бюджеттен каржыланууда. Объекттин наркы 82 млн сомду түзөт.

Спорт комплекси
Башкы план боюнча эки кабаттуу «А», «Б» блоктон турган спорт комплекс курулат. Анда заманбап талаптарга жооп берген тренердин кабинети, спорт, күрөш жана кошумча машыгуу залдары каралат.

Объекттин курулуш-монтаждоо иштери «Байсал Курулуш» ЖЧКсы тарабынан жүргүзүлүүдө.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18