USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Чүй облусундагы эс алуу лагери мамлекеттин менчигине кайтарылды

10:05, 23 сентября 2025, Бишкек - 24.kg

Аламүдүн районундагы Полевое айылында жайгашкан Владимир Ленин атындагы эмгек жана эс алуу лагери Чүй облусунун менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) маалымат борбору билдирди.

Чүй облусундагы эс алуу лагери мамлекеттин менчигине кайтарылды
Маалыматка ылайык, аталган объект жана анын жанындагы 3,22 гектар жер тилкеси мурда мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында, менчик ээси социалдык объектиге өзүнүн мыйзамсыз негизде ээлик кылып пайдаланып келгендигин мойнуна алып, өз ыктыяры менен Чүй облусунун Аламүдүн районунун А.Сыдыков айыл аймагынын балансына өткөрүп берди.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18