USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Нарында 30 метрлик алп шаурма бышырып, бүт шаарды тойгузушту

13:51, 22 сентября 2025, Бишкек - 24.kg

Нарында жергиликтүү кафе туулган күнүн шаардагылардын эсинен кетпегидей кылып белгиледи. Мекеме өзүнүн экинчи жылдыгын белгилөө үчүн узундугу 30 метрге жеткен гигант шаурманы жасап, конокторду таң калтырууну чечти.

Уюштуруучулардын айтымында, бул үчүн 25 килограмм эт, 70 барак лаваш, 20 килограмм картошка жана башка керектүү азыктар сарпталган. Майрамдык иш-чарага 200дөн ашык балдар жана алардын ата-энелери катышты.

Мындан сырткары, коноктор үчүн оюндар, оюн-зоок программасы даярдалып, белектер да тартууланды.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18