USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Июлда Кыргызстанга акча которуулар 317,7 миллион долларды түздү

12:23, 22 сентября 2025, Бишкек - 24.kg

Июль айында Кыргызстанга 317,7 миллион доллар которулган. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.

Маалыматка ылайык, эң көп которуу КМШ өлкөлөрүнөн келип, 298,4 миллион долларды түздү. Ал эми алыскы чет өлкөлөрдөн акча которуулар 19,3 миллион доллар болгон.

2025-жылдын июль айынын аягында Кыргызстандан 41,3 миллион доллар которулган.

Анын 39,5 миллион доллары КМШ өлкөлөрүнө, 1,8 миллиону алыскы чет өлкөлөргө жумшалган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18