USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Баткен облусунда жер титирөө катталды

09:20, 22 сентября 2025, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын Баткен облусунда жер титирөө болгонун Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.

Институттун маалыматы боюнча, жер титирөө кечээ, 21-сентябрда саат 23:41де катталган. Жер титирөөнүн очогу Кыргызстандын аймагында, Баткен шаарынан 5 чакырым батышта, Базар-Башы айылынан 5 чакырым түштүк-батышты карай, Кызыл-Жол айылынан 5 чакырым түндүк-батышты карай жайгашкан.

Жер титирөөнүн күчү Баткен, Базар-Башы жана Кызыл-Жолдо Рихтер шкаласы боюнча 3 баллга жакын болду.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18