USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Бишкекте «Салам Баку» кафеси демонтаждалууда

15:17, 10 сентября 2025, Бишкек - 24.kg

Бишкек шаарынын мэриясынын Жерди пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы Анкара жана Валиханов көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Салам Баку» кафесин демонтаждоо иштерин баштады. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, объект 525 чарчы метр аянттагы жер тилкесинде жайгашкан. Жерди пайдалануу мөөнөтү аяктап, комиссия аны узартуудан баш тарткан, анткени объект суу коргоо зонасында турат.

Комиссиянын чечиминин негизинде объект демонтаждалууда.

Мындан тышкары кафенин жанында 2295 чарчы метр жер тилкеси бар, мурда сезондук аянтча катары колдонулуп келген, ал дагы демонтаждалат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18