USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Ош шаарынын мэри үч эмге эки бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды

14:51, 10 сентября 2025, Бишкек - 24.kg

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев үч эмге эки бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Басма сөз кызматы билдиргендей, Айзирек, Айтунук жана Айназик Муратовдор 3-класста окушат. Буга чейин кыздардын чоң энеси мэрге жолугуп, жагдайды түшүндүргөн.

Жеңишбек Токторбаев кыздардын келечеги кең болушун каалап, аларды тез арада жаңы батирге көчүрүү тапшырмасын берди.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18