Азия Кубогу(U 23). Кыргызстандын футбол боюнча курамасы Палестинаны утуп алды
08:00, 04 сентября 2025, Бишкек - 24.kg
Бишкекте 23 жашка чейинки олимпиадалык курама командалар арасында 2026-жылы өтүүчү Азия кубогуна тандоо оюндары башталды. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол биримдиги билдирди.
Биринчи оюнда Кыргыз курама командасы Палестина курамасын 2:1 эсебинде утуп алды.