Кыргызстандын футзал боюнча курама командасы Венгрия курамасына утулуп калды
11:05, 30 августа 2025, Бишкек - 24.kg
Кыргызстандын футзал боюнча курама командасы бир күн мурун Будапештте Венгрия курамасы менен жолдоштук беттеш өткөрдү. Бул тууралуу КРнын спорттун бул түрү боюнча ассоциациясы социалдык тармактарда билдирди.
Биринчи жолугушуу 7:0 эсебинде атаандаштардын пайдасына аяктаган.