USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Баткенде 10 миң орундуу стадион курулат

09:51, 27 августа 2025, Бишкек - 24.kg

Баткенде 10 миң орундуу стадион курулат. Бул тууралуу президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, объекттин жалпы аянты 10 гектарды түзөт. Стадиондо үч чоң жана төрт кичи футбол аянтчалары болот. Ошондой эле спорт комплексинде 120 орундуу беш кабаттуу жатакана жана 200 унаага ылайыкталган унаа токтотуучу жай болот.

«Жаңы стадион аймактык, улуттук жана эл аралык спорттук иш-чараларды өткөрүүчү жайга айланат», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Өзгөн шаарында жаңы стадион ачылып, Ош шаарында борбордук стадионду реконструкциялоо иштери башталган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18