USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Ош шаарында дипломатиялык шаарча курулат

12:44, 26 августа 2025, Бишкек - 24.kg

Ош шаарында дипломатиялык шаарча курулат. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, бүгүн мэр Жеңишбек Токторбаев консулдуктар үчүн бөлүнгөн жер тилкеси боюнча Орусия, Казакстан жана Өзбекстандын Ош шаарындагы башкы консулдары менен жолугушту.

Дипломаттар шаарчасы Алымбек Датка аймактык башкармалыгынын аймагында жайгашат. Жалпы аянты 35 миң чарчы метрди түзүп, ар бир консулдукка 20 сотыхтан жер каралат.

Шаар бийлиги бардык зарыл инфраструктуралык курулуштарды камсыздап берет.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18