USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Бишкекте Чүй-Курманжан датка кесилишинин түштүк тарабы оңдоодон кийин ачылды

17:53, 25 августа 2025, Бишкек - 24.kg

Бишкекте Чүй проспектиси менен Курманжан Датка көчөсүнүн кесилишинин түштүк тарабы оңдоо иштеринен кийин ачылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.

Бишкекте Чүй-Курманжан Датка кесилишинин түштүк тарабы оңдоодон кийин ачылды

Маалыматка ылайык, бул тилкеде эки катмар асфальт төшөлгөн. Эми автобус каттамдары мурдагы жол кыймылы менен каттай баштайт.

Эскерте кетсек, Чүй проспектиси менен Курманжан Датка көчөсүнүн кесилишинин түштүк тарабы 23-августтан тарта оңдоо иштерине байланыштуу убактылуу жабылган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18