USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Ош — Баткен унаа жолунда 26 мыйзамсыз курулуш буздурулду

12:43, 21 августа 2025, Бишкек - 24.kg

Ош — Баткен жолунун боюндагы 26 мыйзамсыз курулуш буздурулду. Бул тууралуу Cуу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы минисрлигинен билдиришти.

Жерди жана сууну көзөмөлдөө кызматынын Баткен облусундагы аймактык башкармалыгы тарабынан Кадамжай районуна караштуу Арпасай, Айрыбаз айылдарындагы Ош — Баткен унаа жолунун коргоочу тилкесине мыйзамсыз курулган 26 обьектинин ээлерине буга чейин түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эскертмелер берилген.

Ош-Баткен жолу
Бирок, эскертүүдөгү талаптар белгиленген мөөнөттө аткарылбагандыгына байланыштуу мыйзамды сактабаган жарандардын курулуштары атайын техниканын жардамы менен буздурулуп, баштапкы калыбына келтирилди.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18