USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Фучик көчөсүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу автобустардын каттамдары өзгөрдү

11:03, 12 августа 2025, Бишкек - 24.kg

11-августтан 31-августка чейин Бишкек шаарынын Фучик көчөсүндө жүргүзүлүп жаткан оңдоо иштерине байланыштуу Чүй проспектисинен Москва көчөсүнө чейинки бөлүгүнүн батыш тарабы унаа кыймылы үчүн жабык болот.

Муниципалитеттен билдиришкендей, буга байланыштуу № 48, № 41, № 135, № 133, № 161 жана № 132 каттамдардын кыймыл схемасы убактылуу өзгөртүлдү.

Бишкек шаарынын мэриясы жаралган ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылып, жол тыгынын алдын алуу үчүн жеке унаалардын ордуна коомдук транспортту колдонууга чакырат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18