USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Кытай парламентинин төрагасы Кыргызстанга расмий иш сапары менен келди

14:26, 23 июля 2025, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 23-июлда Кытай Эл Республикасынын Бүткүл Кытай эл өкүлдөр жыйынынын Туруктуу комитетинин төрагасы Чжао Лэджи Кыргызстанга расмий иш сапары менен келди. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мартабалуу мейманды «Манас» эл аралык аба майданынан Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев жана Кытай менен кызматташуу боюнча депутаттык достук тобунун жетекчиси Исхак Масалиев тосуп алды.

Расмий сапардын алкагында бир катар иш-чаралар жана жогорку деңгээлдеги жолугушуулар белгиленген. Атап айтсак, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Чжао Лэцзи менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Анда тараптар парламенттер аралык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин жана келечегин талкуулашат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18