USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Димаш Кудайбергенге Кыргыз Республикасынын Эл артисти наамы ыйгарылды

09:55, 23 июля 2025, Бишкек - 24.kg

Президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен дүйнө жүзүнө таанымал казакстандык ырчы Динмухаммед (Димаш) Кудайбергенге Кыргыз Республикасынын Эл артисти ардак наамы ыйгарылды.

Сыйлык Ысык-Көлдүн жээгинде өткөн «Мейкин Азия» эл аралык фестивалынын жабылыш аземинде тапшырылды.

Өз кезегинде ырчы бул жогорку сыйлык үчүн президент Садыр Жапаровго ыраазычылык билдирип, кыргыз элине жылуу сөздөрүн айтты.

Белгилей кетсек, сыйлык боордош Кыргызстан менен Казакстандын маданий кызматташтыгын жана достугун чыңдоого кошкон салымы үчүн берилди.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18