USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Кыргызстанда ЖОЖдорго кабыл алуунун ырааттамасы бекитилди

18:14, 11 июля 2025, Бишкек - 24.kg

2025/26-окуу жылына абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу ырааттамасын бекитүү жөнүндө буйрукка кол коюлду. Бул тууралуу 24.kg агентигине Илим, жогорку билим жана инновация министрлигинен билдиришти. 

 

Бүткүл республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу беш турда өткөрүлөт:

Биринчиси — 14-19-июлга чейин,

Экинчиси — 21-26-июлга чейин,

Үчүнчүсү — 28-июлдан 2-августка чейин,

Төртүнчүсү — 4-9-августка чейин,

Бешинчи — 11-августтан 16-августка чейин.

Эгерде бош орундар бар болсо, тизмеден кийинки жана кошумча кабыл алуу сунушталган абитуриенттердин тизмелери 18, 19 жана 20-августта илинет.

2025/26-окуу жылына жалпысынан ЖОЖдорго 10 миң билим берүү гранты бөлүнөт.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18