USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

ФИФАнын рейтинги: Кыргызстандын футбол боюнча курамасы бир позицияга төмөндөдү

08:15, 11 июля 2025, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы ФИФАнын рейтингинде бир позицияга төмөндөдү

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы ФИФАнын рейтингинде 104-орунда турат. Жаңыланган тизме эл аралык федерациянын сайтында жарыяланды.

Кыргызстандын командасы бир позицияга төмөндөдү.

Рейтингде 210 команда бар. Алдыңкы бештикке Аргентина, Испания, Франция, Англия жана Бразилия кирген.

Кыргызстан курамасы АФК зонасында 17-орунда турат.

Эске салсак, буга чейин Кыргызстан курамасы 2026-жылкы Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунун Азия зонасында эки беттешин өткөргөн — 5 жана 10-июнда КЭДР жана БАЭ командалары менен тең тайлашкан.

Ал эми Кыргызстандын кыз-келиндер курамасы Эл аралык футбол федерациясынын рейтингинде 136-орунда турат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18