Күрөш боюнча Азия чемпионаты (U-20). Мушкер Эрбол Озгонов күмүш медаль тагынды
Бишкекте грек-рим күрөшү боюнча 20 жашка чейинки спортчулар арасында Азия чемпионаты уланууда. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтында маалымдалды.
60 килограммга чейинки салмак ченинде Эрбол Озгонов финалда Индиянын өкүлү Сураджга утулуп калды.
Белгилей кетсек, бүгүн дагы эки кыргызстандык Азия чемпионатында алтын үчүн ат салышат.
Эске салсак, бир күн мурун Эмирлан Дүйшөналиев (63 килограммга чейин) алтын, Кутман Калбаев (55 килограммга чейин) күмүш, Адилет Абыкеев (77 килограммга чейин) коло байгеге ээ болгон.