USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Бишкекте дагы бир үч эм төрөлдү

09:35, 10 июля 2025, Бишкек - 24.kg

Бишкекте дагы бир үч эм төрөлдү. Бул тууралуу маалыматты 24.kg агентигине Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз борборунан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, 7-июль күнү Ысык-Көл районунун Корумду айылынын тургуну Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун перинаталдык борборуна жаткырылган.

Бул анын жетинчи кош бойлуулугу, ал эми төрөт бешинчиси болгон. 8-июль күнү борбордун жамаатынын макулдашылган ишинин аркасында 2535, 2345 жана 2520 грамм салмакта үч дени сак кыз төрөлдү.

«Орто даражадагы аз кандуулукка карабастан, кош бойлуулук ийгиликтүү аяктады. Кесарево операциясы пландалгандай, минималдуу кан жоготуу менен жасалды», — деп белгиледи Улуттук борбордон.

Эске салсак, июль айынын башында Шаардык перинаталдык борбордо дагы үч эм төрөлгөн.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18