USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Бүгүн Бишкекте кезектеги ипотекалык батирлер берилет

09:00, 10 июля 2025, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 10-июнда Бишкекте кезектеги ипотекалык батирлер жарандарга тапшырылат. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниядан билдиришти.

Бул ирет борбор калаадагы К.Молдобасанов көчөсүндө курулуп бүткөн турак жайлардагы батирлердин ачкычтары үй ээлерине берилет. Буга чейин бул даректе 3 көп кабаттуу 225 батирлүү турак жайдын курулушу 2025-жылдын жай айларында аяктай тургандыгы айтылган.

Иш-чарага президент Садыр Жапаровдун катышары күтүлүүдө.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18