USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Агресивдүү мамиле кылып, сөгүнгөн. Нурлан Мотиев 5 суткага камакка алынды

18:32, 09 июля 2025, Бишкек - 24.kg

Мурдагы көмүр падышасы Нурлан Мотуев укук коргоо кызматкерлерине карата сөгүнүп, уят сөздөрдү айтканы үчүн 5 суткага камакка алынды. Бул тууралуу 24.kg агентигине борбор калаанын Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Нурлан Мотуев РИИБдин кызматкерлерин сөгүп, ошол себептен 5 суткага камакка алынды

Нурлан Мотуев мурунку түнү профилактикалык сүйлөшүү үчүн РИИБге алынып келинип, ал тартип сакчыларын сөгүп баштаган. Ага карата КРнын Кылмыш-жаза кодексинин «Майда бейбаштык» беренеси боюнча протокол түзүлдү.

Бүгүн, 9-июлда Свердлов райондук сотунун чечими менен Нурлан Мотуев 5 суткага камакка алынды.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18