USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Быйыл Бишкекте 100дөн ашык адам тамак-аштан ууланган

15:27, 09 июля 2025, Бишкек - 24.kg

Бишкекте 2025-жылдын 6 айында тамак-аштан уулануу боюнча 78 учур катталып, 112 адам жабыркаган. Бул тууралуу «Биринчи радионун» түз эфиринде борбордогу Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун санитардык дарыгери Кундуз Эсенгулова билдирди.

Анын айтымында, ботулизмдин үч учуру катталган.

Белгилей кетсек, ботулизм — Clostridium botulinum бактериясынын токсиндери менен булганган азыктарды, көбүнчө начар даярдалган консерваларды колдонуунун натыйжасында пайда болгон курч уулуу оору.

Борбор калаанын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун маалыматы боюнча, 2025-жылдын беш айында Бишкекте курч ичеги инфекциясын жуктурган 2840 адам катталган, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу болжол менен 40 пайызга көп.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18