USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Камчыбек Ташиев Ош шаарынын мэрине убада кылган унааны тапшырды

15:16, 09 июля 2025, Бишкек - 24.kg

УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевге убада кылынган унааны тапшырды. Видеону мэриянын басма сөз кызматы жарыялады.

Атайын кызматтын башчысы Changan X5 Plus унаасы президент Садыр Жапаровдун атынан жакшы иштегени үчүн мэрге белекке берилип жаткандыгын айтты.

«Өлкө башчыга Ош шаарынын мэринин иштегени жагат. Бул башкаларга үлгү болушу керек дейт. Башкаларды да сыйлагысы келет. Президент унааны мэрге жеке менчик катары өткөрүп берүүнү тапшырды», — деди Камчыбек Ташиев.

Эске салсак, УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Ош шаарын текшерүү учурунда мэр Жеңишбек Токторбаевдин ишмердүүлүгүн жогору баалап, ага автоунаа алып берүүнү убада кылган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18