USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Дастан Бекешев 2026-жылга чейин Бишкекте 200 балдар аянтчасын курууну сунуштады

14:56, 09 июля 2025, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев 2026-жылга чейин 200 балдар аянтчасын курууну сунуштады. Бул тууралуу ал өзүнүн Telegram каналында билдирди.

«Мен 2026-жылга чейин тагыраак айтканда Балдарды коргоо күнүнө карата 200 аянтча курууну сунуштагам. Ош шаары мисал болуп, 2025-жылга 100 аянтча куруу пландалып жаткан. Ал эми Бишкек мэриясы быйыл 603 аянтча курабыз деп жаткан. Мен Октябрь району боюнча тактасам, жыйынтыгында болгону 9 аянтча курулуптур (калгандары кагаз түрүндө).

Ал ошондой эле оюн аянтчалары каприз эмес, дени сак балалыктын негизи экенин белгиледи.

«Эгер баланын үйүнүн жанында бара турган жери жок болсо, ал үйдө, гаджеттерде, кыймылсыз жана байланышсыз отурат. Чечим кагазда эмес, ар бир короодо керек», — деп баса белгиледи Дастан Бекешев.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18