USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Бишкекте электробуска айланган троллейбустар сыноодон өтүп жатат

10:49, 09 июля 2025, Бишкек - 24.kg

Бишкекте электробуска айланган троллейбустар сыноодон өтүүдө. Бул тууралуу 24.kg агенттигине мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

«Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасынан билдиришкендей, учурда бир гана троллейбус жасалган. Сыноо учурунда ичинде жүргүнчүлөр жок — текшерүү гана жүргүзүлүүдө", — деп түшүндүрүштү департаменттен.

Буга чейин эксперттер мындай өзгөртүүгө байланыштуу техникалык тобокелдиктерди эскертишкен.

Эске салсак, 14-июлда саат 10.30да КР Жогорку сотунда троллейбус линияларын мыйзамсыз демонтаждоо боюнча доо арыз каралат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18