USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Бишкектин борборунда банктын имараты күйүп жатат

14:20, 08 июля 2025, Бишкек - 24.kg

Бишкектин Абдрахманов көчөсүндө банк жайгашкан имараттын экинчи кабаты күйүп кетти.

Окуя болгон жерде эки өрт өчүрүүчү бригада иштеп жатат. Тилсиз жоону 24.kg редакциясынын журналисттери өрттү видеого тартып алышкан.

Өрттүн очогуна жетип, жалынды өчүрүү үчүн ӨКМдин куткаруучулары 2-кабаттын терезелерин кулатышкан.

Жабыркагандар жок, өрт учурунда банктын көптөгөн кызматкерлери түшкү тамактанууга чыгышкан. Алардын айтымында, өрт эмнеден чыкканы белгисиз.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, өрт саат 12.39да башталган. Өрттү өчүрүүгө Свердлов райондук No3 өрткө каршы кызматынан 2 бөлүм, Октябрь районунан 1 бөлүм (No5 өрт өчүрүү бекети) жана штаб тартылган.

Кошумчалай кетсек, саат 13:00дө КР ӨКМнин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан 1 унаа, 2 кызматкер жана 1 дрон тартылган.

Кененирээк маалымат кийинчерээк берилет.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18