USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Президент Садыр Жапаров Азербайжанга иш сапары менен барды

18:11, 03 июля 2025, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 3-июлда Садыр Жапаров Экономикалык Кызматташтык Уюмунун 17-саммитине катышуу үчүн иш сапары менен Азербайжанга келди. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди. Мамлекет башчысынын учагы Физули шаарынын эл аралык аэропортуна конду.

Президент Садыр Жапаровду Азербайжандын илим жана билим берүү министри Эмин Амруллаев жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Аэропорттун флагштокторуна Экономикалык кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин желектери илинген, килем төшөлүп, ардактуу кароол тизилген.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров иш сапарынын алкагында ЭКУнун 17-саммитине, ошондой эле Азербайжандын Агдам районундагы «Айкөл Манас» мектебинин расмий ачылыш аземине катышат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18