USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Кыргызстанда бүгүн жер титирөө катталды

14:48, 03 июля 2025, Бишкек - 24.kg

Бүгүн Кыргызстандын Ош облусунда жер титирөө болду. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.

Маалыматка ылайык, жер титирөө 3-июль күнү саат 11:17де катталган. Жер титирөөнүн очогу Кыргыз Республикасынын аймагында, Шоро-Башат айылынан 2 чакырым түштүк-чыгышта, Жыланды айылынан 3 чакырым түштүк-батышты карай, Красный Маяк айылынан 4 чакырым батышта, Өзгөн шаарынан 4 чакырым түндүк-батышты карай жайгашкан.

Жер титирөөнүн күчү: Шоро-Башат, Жыланды, Красный Маяк айылдарында, ошондой эле Өзгөндө 2,5 баллга жакын болгон.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18