USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Бүгүн Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт

09:00, 03 июля 2025, Бишкек - 24.kg

Муниципалитеттен билдиришкендей, 3-июлда саат 10:00дөн 18:00гө чейин Алыкулов көчөсү — Л.Толстой көчөсү — П.Лумумбы көчөсү — Мурман көчөсү менен чектелген аймакта суу берүү токтотулат.

Суу Чайковский көчөсүндөгү диаметри 400 мм болгон суу түтүгүндөгү аварияны жоюуга байланыштуу токтотулмакчы.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18