USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Олимпиада байге ээси Мунарбек Сейитбек уулу профессионалдык рингде дебют жасайт

10:42, 02 июля 2025, Бишкек - 24.kg

Олимпиаданын призеру Мунарбек Сейитбек уулу профессионалдык рингде дебют жасайт. Бул тууралуу Бокс федерациясынын Instagram баракчасына жазылды.

Мунарбек Сейитбек уулу Париждеги Олимпиадада рингге чыгууга бир мүнөт калганда

Кыргызстандык спортчунун дебюту 20-июлда Бишкекте өтө турган Bishkek Arena рингинде SAIKOU LUSH промоушн тарабынан уюштурулган профессионалдык бокстун достук кечесинде болот.

Мунарбек Сейитбек уулунун атаандашы — Коннрад Серуенге (Уганда). Анын тогуз жеңиши жана беш жеңилүүсү бар.

Мунарбек Сейитбек уулу 29 жашта. Ал сегиз жашында бокс менен машыгып баштаган. Ош МУнун дене тарбия факультетин бүтүргөн.

Парижде өткөн Олимпиада оюндарында Мунарбек 57 килограммга чейинки салмак ченинде күмүш медалга ээ болуп, кыргыз боксунун тарыхында биринчилерден болуп Олимп оюндарында медаль алган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18