USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Бүгүн Бишкектин Лев Толстой көчөсүнүн бир бөлүгү 2 айга жабылат

08:30, 02 июля 2025, Бишкек - 24.kg

 

Бүгүндөн тарта Бишкек шаарынын Лев Толстой көчөсүнүн Республикалык инфекциялык клиникалык ооруканасынын бурулушунан Манас проспектисине чейинки бөлүгүндө жылуулук тармагын реконструкциялоо иштери жүргүзүлөт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, буга байланыштуу аталган тилке 2-сентябрга чейин унаа кыймылы үчүн толугу менен жабылып, иш 60 күндүн ичинде бүткөрүлөт.

Бишкек мэриясы жарандардан жол тыгындарын болтурбоо үчүн каттамдарды алдын ала пландап, мүмкүн болсо коомдук транспорт менен жүрүүнү суранат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18