USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Салык жана бажы кызматтары түздөн-түз министрлер кабинетине баш иет

14:15, 01 июля 2025, Бишкек - 24.kg

Салык жана бажы кызматтары Финансы министрлигинен түз министрлер кабинетине отчеттуулукка өтөт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын 35 жылдыгына арналган иш-чарада министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев билдирди.

Ал мамлекеттик кызматкерлерди майрамы менен куттуктап, Салык жана Бажы кызматтары министрлер кабинетинин көзөмөлүнө өтүп жатканын айтты.

«Бул тууралуу мен жакында Алмамбет Насыркановичке (Шыкмаматов, Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы. — 24.kg эскертүүсү) айттым, биз чечим кабыл алдык», — деди Адылбек Касымалиев.

Иш-чарада мамлекеттик органдардын башка өкүлдөрү да сөз сүйлөштү. Алар Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлерин куттуктап, аткарылган иштер үчүн ыраазычылыктарын билдиришти. Кызматкерлер да мыкты жетишкендиктери үчүн сыйланышты.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18