УКМК төрагасынын жакын туугандарынын атын жамынып, унаа жана 50 миң доллар алган
16:38, 30 июня 2025, Бишкек - 24.kg
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелген жаран кармалганын билдирди.
Атайын кызмат тарабынан өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылык фактысы боюнча С.А.Б. аттуу Кыргызстандын жараны кармалды.

Ал 25-июнда козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалып, тергөө камак жайына киргизилди.