USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Нарында биринчи жолу 9 кабаттуу, көп батирлүү үйлөр курулуп жатат

14:15, 30 июня 2025, Бишкек - 24.kg

Нарын шаарынын Молдоев көчөсүндө 9 кабаттуу төрт кварталдан турган заманбап турак жай комплекси курулууда. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 216 ыңгайлуу батирлер курулат: 1 бөлмөлүү — 72, 2 бөлмөлүү — 72, 3 бөлмөлүү — 72.

Маалым болгондой, турак жай комплексинин өзүнүн отканасы бар, суу, канализация, электр энергиясы борбордук тармактарга кошулган. Участоктун өзүнүн трансформатордук станциясы (ТП) бар.

Тургундар үчүн оюн аянтчасы жана воркаут зонасы каралган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18