USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Бүгүн Кыргызстанда мектеп бүтүрүүчүлөрүнө аттестаттар тапшырылат

08:30, 30 июня 2025, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 30-июнда саат 9:00дө бардык жалпы билим берүү уюмдарында мамлекеттик документтерди — 9-класстын окуучулары үчүн негизги жалпы билими тууралуу аттестаттарды жана 11-класстын окуучулары үчүн орто жалпы билими тууралуу аттестаттарды тапшыруу аземи болот.

Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, документтерди тапшыруу учурундагы коопсуздук чараларын камсыздоо жоопкерчилиги билим берүү уюмдарынын жетекчилерине жүктөлөт.

Эске салсак, 2024/25-окуу жылында 9-классты 134 681 окуучу, 11-классты 80 540 окуучу аяктады.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18