USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Кыргызстандын футбол боюнча курамасынын башкы машыктыруучусу кызматтан кетти

18:07, 27 июня 2025, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасынын башкы машыктыруучусу Максим Лисицын кызматынан кетти. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинин расмий Instagram баракчасында кабарланды.

Белгиленгендей, Кыргызстандын футбол биримдиги июнь айынын аягында бүтө турган келишимди узартпоо чечимине келген. Аны менен бирге анын машыктыруучулар штабы да командадан кетет.

Бүгүн КФУнун вице-президенти Нурдин Букуев Максим Лисицын менен жолугушуп, Камчыбек Ташиевдин, ошондой эле жалпы футбол коомчулугунун атынан анын кесипкөй ишмердүүлүгү жана команданын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Максим Лисицын жана Нурдин Букуев
Максим Лисицын бул кызматта бир жыл бою иштеп, курама үчүн тарыхый болуп эсептелинген 2026-жылкы Дүйнө чемпионатынын үчүнчү раундунда жетектеди. Россиялык адис бул раунддагы күчтүү командалар менен татыктуу оюн көрсөтүп, футболчулар үчүн оюн тажрыйбасын топтоого шарттарды түзө алды. Машыктыруучу жаңы муундун оюнчуларына ишенимин арттырып, аларды командага жуурулуштуруу боюнча кынтыксыз иш жүргүздү. Ал келечектеги боло турган чакырыктарга команданын болгон даярдыгын жакшыртты.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18