USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Ноокат районунда 2 гектардан ашык жер мамлекетке кайтарылды

12:51, 27 июня 2025, Бишкек - 24.kg

Ноокат районундагы «Чарвадор» асыл тукум чарбасы тарабынан мамлекетке 2,27 га жер аянтын ыктыярдуу өткөрүп берди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызмат тарабынан мамлекеттик объектилерди жана жерлерди мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Ноокат районунун Гулистан айыл өкмөтүндөгү «Чарвадор» асыл тукум чарбасы тарабынан 2,27 га жер аянты мыйзамсыз менчиктештирилгендиги аныкталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш чараларынын натыйжасында «Чарвадор» асыл тукум чарбасынын жетекчиси аталган 2,27 га жер аянтын өз ыктыяры менен мамлекетин балансына өткөрүп берди.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18