Президент Садыр Жапаров Минск эл аралык БелЭКСПО көргөзмө борборуна барды
08:00, 27 июня 2025, Бишкек - 24.kg
Садыр Жапаров Беларусияга жумушчу сапарынын алкагында Минск эл аралык көргөзмө борборун көрүүгө барды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Форум башталар алдында иш-чарага келген делегация башчыларын Беларусь президенти Александр Лукашенко тосуп алды.
Андан соң форум делегация мүчөлөрүнүн катышуусунда кеңейтилген курамда уланмакчы, анда ЕАЭБ мамлекеттеринин лидерлери сөз сүйлөшөт.




