USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Эл өкүлү Баткендеги Гапыр Мадаминов мектебинин имаратын оңдоп берүүнү суранды

13:24, 26 июня 2025, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Миргүл Темирбаева Баткен облусунан келген жаңычыл мугалим Гапыр Мадаминов түптөгөн мектептин имаратын оңдоп берүүнү бийликтен суранды.

Ал белгилегендей, билим берүү мекемеси Лейлек районунда жайгашкан.

«Анын бүтүрүүчүлөрү ар кайсы тармакта иштеп, чет өлкөдөн билим алып келишүүдө. Эл, окуу жайдын жамааты мектеп-гимназиянын имаратын оңдоп берүүнү суранып жатышат», — деди эл өкүлү.

Миргүл Темирбаева бул жылы Баткен облусунан бир дагы окуучу ЖРТга «алтын сертификат» берилбегенин кейүү менен белгиледи. Эл өкүлү буга жергиликтүү гимназиялардын макамынан ажырап калганы себеп болушу мүмкүн деген оюн кошумчалады.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18