USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Садыр Жапаров ЕАЭБ жыйынына жана IV ЕЭФке катышуу үчүн Минск шаарына келди

09:15, 26 июня 2025, Бишкек - 24.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 26-июнда, Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынына жана IV Евразия экономикалык форумуна катышуу үчүн иш сапары менен Минск шаарына (Беларусь Республикасы) келди. Бул тууралуу мамалекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мамлекет башчысынын учагы Минск шаарынын улуттук аэропортуна конду.

Президент Садыр Жапаровду Беларусь Республикасынын Премьер-министринин орун басары Виктор Каранкевич жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Аэропорттун флагштокторуна Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуучу мамлекеттердин туулары илинип, килем төшөлүп, ардактуу кароол тизилген.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18