USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Кыргызстандын ӨКМ кызматкерлеринин айлыгын 1-июлдан тарта жогорулатуу каралууда

12:20, 25 июня 2025, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аскер кызматкерлеринин маянасын этап менен жогорулатуу каралууда. Бул тууралуу брифингде өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов билдирди.

«Президенттин жарлыгына ылайык, 1-июлдан тарта офицердик курамдын эмгек акысы 25 пайызга көтөрүлөт. Октябрдан тарта ӨКМдин башка аскер кызматкерлеринин жана кенже кызматтык курамдын эмгек акысын жогорулатуу пландалууда», — деди ал.

Министрдин орун басарынын айтымында, башкармалыктын түзүмүндө кадрлардын жетишсиздиги бар — куткаруучу бөлүмдөрдө 1 миң штаттык бирдиктен ашат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18