USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Садыр Жапаров Малайзиянын премьер-министри менен жолугушту

11:34, 25 июня 2025, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 25-июнда Путраджая шаарында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим тарабынан расмий тосуп алуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Азем Малайзиянын премьер-министринин «Пердана Путра» кеңсесинин имаратында өттү. Кыргыз Республикасынын президентин Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим тосуп алды. Өз ара саламдашуудан кийин эки өлкөнүн мамлекеттик гимндери жаңырды.

Ардак кароол ротасынын командири саламдашуу рапортун берди. Андан соң президент Садыр Жапаров Ардак кароол ротасын кыдырып чыкты.

Аземдин жүрүшүндө эки мамлекеттин делегация мүчөлөрүнүн расмий тааныштыруу болду. Андан кийин президент Садыр Жапаров Малайзиянын премьер-министринин кеңсесинин Ардактуу коноктор китебине жазуу калтырып, өкмөт башчынын жеке кабинети менен таанышты.

Азем аяктагандан кийин делегация башчылары сүйлөшүү залына бет алышты.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18