Өлкөдө милдеттүү медициналык камсыздандыруу полистерин сатуунун көлөмү өсүүдө
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу тутумунун аркасында жыл сайын Кыргызстандын көбүрөөк жарандары сапаттуу медициналык жардам алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз борбору ММКФга шилтеме берүү менен билдирди.
Анын маалыматы боюнча, 2021-жылдан 2024-жылга чейин милдеттүү медициналык камсыздандыруу полистерин сатуу 44 эсеге — 3,4 миңден 151 миңден ашкан. Бул мезгилде түшүүлөрдүн көлөмү 6,6 миллион сомдон дээрлик 475 миллионго чейин өстү.
Мындай өсүү мыйзамдарга өзгөртүүлөрдөн улам мүмкүн болгону белгиленген. Президент 2023-жылы «Кыргыз Республикасындагы жарандарды милдеттүү медициналык камсыздандыруу жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө кол койгон. Милдеттүү камсыздандырууга тийиш болгондордун тизмеси кеңейтилди.
Эми милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси төмөнкүлөр үчүн милдеттүү:
Кыргыз Республикасынын бардык жарандары;
ЕАЭБ жарандары жана алардын үй-бүлөлөрү;
чет өлкөлүк адамдар, ошондой эле чет өлкөлүк студенттер;
Кыргыз Республикасындагы жарандыгы жок адамдар, кайрылмандар, качкындар жана башпаанек издегендер.