USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Бишкек жолдорун оңдоо иштери. Бүгүндөн тарта Жумабек көчөсү жабылды

08:00, 25 июня 2025, Бишкек - 24.kg

Бишкектин Жумабек көчөсү бүгүндөн тарта капиталдык оңдоо иштерине байланыштуу жабылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Жумабек көчөсү Раззаков көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейин жабык.

«Учурда эски асфальтты кырып, тал-терек дүмүрлөрүн жулуп жатышат. Капиталдык оңдоо иштери аяктагандан кийин бул тилкеге ​​жаңы жол салынып, эки тарабына тротуар коюлуп, ирригациялык система орнотулат», — деп айтылат маалыматта.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18