USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Президент Садыр Жапаров Малайзияга расмий иш сапары менен келди

00:25, 25 июня 2025, Бишкек - 24.kg

Садыр Жапаров расмий сапар менен Куала-Лумпурга (Малайзия) келди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. Мамлекет башчысын эл аралык аэропорттон Малайзиянын эмгек министри Александр Нанта Лингги жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Флагштокторго Кыргызстандын жана Малайзиянын мамлекеттик туулары илинип, килем төшөлүп, ардак кароол ротасы тизилди.

Жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Малайзиянын ортосундагы саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана эки тарапты кызыктырган башка чөйрөлөрдө кызматташуунун актуалдуу маселелери жана мындан аркы өнүгүү келечеги талкууланарын эске салабыз.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18