USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Бишкекте жыл башынан бери 733 автобустун айдоочусу иштен алынган

14:05, 24 июня 2025, Бишкек - 24.kg

Бишкек шаарында январь айынын башынан бери 733 муниципалдык транспорттун айдоочусу жумуштан бошотулуп, кара тизмеге киргизилген. Бул тууралуу"Бишкек шаардык транспорт" муниципалдык ишканасында автобус айдоочулары менен жыйынында айтылды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жыйынга Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын өкүлдөрү жана ишкананын кызматкерлери катышты.

Жыйында рейддик иш-чаралардын жыйынтыгы жана тартип комиссияларынын чечимдери тууралуу маалымат берилди.

Алсак, 1-январдан 18-июнга чейин тартип комиссияларынын чечимдеринин негизинде:

404 айдоочу 20% сый акыдан ажыратылып, сөгүш берилген;

733 айдоочу жумуштан алынган жана кара тизмеге киргизилип, мындан ары муниципалдык транспорт тармагында иштөө мүмкүнчүлүгүнө ээ эмес.

Ошондой эле жыйында жол кыймылынын эрежелерин сактоо жана жол кырсыктарынын алдын алуу маселелери талкууланды.

Жыйындын жыйынтыгында айдоочулар тарабынан жол эрежелерин сактоо боюнча көзөмөлдү күчөтүү тапшырмасы берилди.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18