USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Ташкент-Тамчы багыты боюнча каттамдар башталды

15:26, 23 июня 2025, Бишкек - 24.kg

Fly Kiva авиакомпаниясы Ташкент-Тамчы (Ысык-Көл эл аралык аэропорту) багыты боюнча үзгүлтүксүз жүргүнчүлөрдү ташуучу каттамдарды аткара баштады. Бул тууралуу «Кыргызстандын аэропорттору» ААКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Өзбекстандын лоукостери болгон Fly Kiva Airlines авиакомпаниясы Ташкент-Тамчы багыты боюнча алгачкы жүргүнчү рейсин ишке ашырды.

Каттамдар 2025-жылдын 22-июнунда башталган жана 2025-жылдын 10-августуна чейин ар жекшемби күнү аткарылат.

Бул каттамдын ачылышы Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы ыңгайлуу жана арзан авиакаттамдын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, туризмди жана ишкердик байланыштарды өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18